• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спортчу Элина Бакытованын Бахрейндеги Азия чемпионатына катышуусуна каражат бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, орто мектептин 9-классынын окуучусу Элина Бакытова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин башчысына эркин күрөш менен алектенген жаш спортчуга каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү айтылган. Элина Бакытовага 2022-жылдын июль айынын биринчи он күндүгүндө Бахрейн Падышалыгында өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн каржылык каражат керек.

Акылбек Жапаров жаш спортчуга министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн маянасынан 50 миң сом бөлүп берди.

«Биз акыркы Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери болгон кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, КР президентинин тапшырмасы менен борбор калаада адистештирилген спорт зал курулууда. Элина, сизге спортто ийгиликтерди, алдыга койгон бардык максаттарыңызга жетишиңизди жана чың ден соолук каалайм», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий