• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Спортчу Руслан Түмөнбаев: Таза, ыймандуу адам Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө убакыт келип жетти!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Жүрөгү таза, өзү ыймандуу адам – Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө убакыт келип жетти, деп билдирди спортчу, Олимпиада оюндарынын байгечиси Руслан Түмөнбаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Чүй областынын Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Спортчунун айтымында, Ысык-Ата районунан күчтүү, спортто мыкты жетишкендиктери бар спортчулар көп чыккан. «Ошол эле бокс, футбол, же күрөштө Ысык-Атадан спортчулар көп. Мен сиздерге бир нерсени айтып коеюн – канча премьер-министрибиз болду, бири да Сооронбай Шариповичтей спортко көңүл бөлгөн жок. Мен баарыңарды спортко эң көп көңүл бурган адам катары Сооронбай Жээбековду шайлоодо колдоп коюуңуздарды өтүнөм. Ал 6 жылдын ичинде мамлекетти жаңы деңгээлге көтөрүп, эң алыскы айылдарга чейин спортту өнүктүрөт. Жүрөгү таза, өзү ыймандуу адамга добуш берели! Бардыгыңарга спорттук ден соолук каалап, ар бириңерди 15-октябрда шайлоо участкасына келип, Сооронбай Жээнбековго добуш берсеңер, жаңылбаганыңарды кийин билесиңер. Мен Сооронбай Жээнбековго добуш берем!», - деп ысык-аталыктарды Руслан Түмөнбаев чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 29.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий