• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Спортчу РусланТүмөнбаев: Сооронбай Жээнбеков спортко өзгөчө көңүл бурган мамлекет башчысы болот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду биз спортко, айыл тургундарына болгон мамилеси, өзүнүн жөнөкөй, адамгерчиликтүү сапаттарынан улам колдоп жатабыз», деп билдирди спортчу, Олимпиада оюндарынын байгелүү орундун ээси РусланТүмөнбаев.

Анын айтымында, канча премьер-министр алмашты, бирок Сооронбай Жээнбековго чейин бири да спортко мынчалык көңүл буруп, ар бир спортсменди ушунчалык колдогон эмес.

«Сооронбай Шарипович ар бир спортсмен ийгиликке жеткенде, жеке өзү кабыл алып, ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктарын тапшырып жүрдү. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков келечекте спортко абдан чоң көңүл бөлүп, кыргыз спортунун деңгээлин жогорулатат деген ишеним бар. Ар бир спортчу ийгиликке жетиши үчүн жакындары, үй-бүлөсүнөн баштап, мамлекет башчыларына чейин колдоо көрсөтсө, Кыргызстандын желегин эл аралык спорт ареналарында бийик желбиреткен мыкты спортчуларыбыз көбөйөт. Биз Сооронбай Шариповичтин дал ушундай мамлекет башчы болоруна ишенебиз! Биз Сооронбай Жээнбековду колдойбуз!», - деп белгиледи Руслан Түмөнбаев.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий