• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спортчу жана жеке ишкер Оштогу ооруканаларга кычкылтек концентраторлорун беришти

Аймак 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Жиу-житсу боюнча Азиянын чемпиону Төрөкан Багынбай уулу өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан Ош шаарындагы медициналык мекемелерге эки кычкылтек концентраторун жана 200 респиратор берди.

14-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен болгон жолугушууда Төрөкандын апасы Чолпон Жузбаева спортчунун үй-бүлөсү жарандардын ден соолугу үчүн медициналык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүүнү чечкенин белгиледи.

Таалайбек Сарыбашов шаар үчүн ушул оор мезгилде көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Спортчуга жана анын үй-бүлөсүнө Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов да ыраазычылык билдирди. Концентраторлор Ош шаардык ооруканасына өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле жеке ишкер Майрамбек Ашимов Кара-Кулжа райондук ооруканасына 5 кычкылтек концентраторун, 1 термометрди жана 2 коргоочу костюмду өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий