• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Спортчуларды тосуп алуу үчүн Ала-Тоо аянтына миңге жакын шаардыктар чогулду

Коом 0

Бишкек, 07.08.21./Кабар/. Ала-Тоо аянтында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу салтанатына миңге жакын шаардыктар чогулду.

Иш-чара белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар, машыктыруучулар катышууда.

Белгилей кетсек, Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдеште Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Ошондой эле Акжол Махмудов дагы күмүш медаль багындырды.

Пикир

Оставить комментарий