• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Sports Awards-2019: Өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктоо үчүн добуш берүү башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктоо үчүн добуш берүү башталганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, сыйлык спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Иш-чара быйыл 6-ирет өткөрүлөт.

"Sports Awards-2019" сыйлыгынын мыктылары 2 жол менен аныкталат: Жалпы добуш берүүнүн жана Эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде.

Жалпы добуш берүү 11-февралда старт алып, 2020-жылдын 27-февралына чейин уланат.

Жалпы добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын Facebook (Topsport.kg) менен Instagram`дагы (topsport_official) расмий баракчаларында өткөрүлөт.

Сыйлык тапшыруу кечеси 29-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Филармонияда өтмөкчү.

Төмөнкү номинациялар боюнча добуш берүү башталды:

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча:

Элдияр Сексенбаев (алыш боюнча Дүйнө чемпиону);

Бектурган Кожомуратов (кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону);

Камиль Сабитов (ат чабыш боюнча Евразия чемпиону).

Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:

Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү боюнча жакы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган (Токио-2020));

Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону);

Денис Петрашов (сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону, Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган (Токио-2020)).

Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:

Абдурахман Муртазалиев (грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону);

Авазбек Аманбеков (кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону);

Кямран Аббасов (ММА боюнча ONE Championship`тин чемпиондук курунун ээси);

Акжол Сулайманбек уулу (профессионалдык боксто WBA версиясы боюнча Азия чемпиону).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:

Нурбек Алиев (кол күрөш);

Жыргал Оросбаев (парапауэрлифтинг);

Нурбек Тойчубаев (паратриатлон).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер арасында:

Чыныгүл Шайдуллаева (кол күрөш);

Гүлзада Калыгул кызы (атайын Олимпиада);

Перизат Жаныбек кызы (атайын Олимпиада).

Мыкты команда:

КРнын Волейбол боюнча курама командасы;

КРнын Футбол боюнча курама командасы;

КРнын Хоккей боюнча курама командасы;

Жыл жаңырыгы:

Никита Цой (тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону);

Нурадин Рустамбек уулу (бокс сүйүүчү жаштар арасында Азия чемпиону);

Чыңгызхан Сагыналиев (дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатынын коло медалдын ээси).

Мыкты спортчу айым:

Айсулуу Тыныбекова (күрөш боюнча кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпиону);

Шахриза Халилова (кикбокс/тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону);

Валентина Шевченко (UFC`нин чемпиону).

Уюштуруу комитетинин чечими менен жогоруда добуш берүүгө коюлган номинациялардан сырткары төмөнкүлөр боюнча да мыктылар Уюштуруу комитетинин чечими менен өзүнчө аныкталат:

- Иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы;

- Мыкты меценат;

- Мыкты федерация.

Пикир

Оставить комментарий