• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Sports Awards – 2021: Бишкекте жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанаты өттү

Спорт 0


Бишкек, 02.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 1-декабрда, Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Sports Awards – 2021 жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанаты өттү.

Иш-чара дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталып, салтанаттуу азем менен коштолду. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулуп, Topsport.kg сайты, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлиги жана Улуттук олимпиадалык комитети менен өнөктөштүктө өттү.

Салтанаттын ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дүйнөлүк аренага Кыргызстандын атын чыгарып келе жаткан спортчуларды куттуктап өттү.

“Спорт — бул мамлекеттик туунун эл аралык аренада көтөрүлүшү. Спортчулардын ар бир жетишкендиги кайсы гана өлкө болбосун чоң аброй алып келет. Ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөгө өзүнүн түздөн-түз салымын кошот. Ал эми өлкө ичинде спортчулардын жетишкендиктери элибизди ынтымакка бөлөп, кубандырып, ынтымак менен биримдиктин туусунун алдында бириктирет”, - дейт министр.

Спорт тармагындагы жылдын мыктыларын аныктоо социалдык тармак аркылуу добуш берүү жана эксперттик комиссиянын негизинде аныкталды:

Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Ынтымак Мурадил уулу (Салбуурун);

Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Нурлан Молдакунов (Салбуурун);

Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Арстанбек Базаркулов (Пара атлетика);

Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Илгиз Каналбек уулу (Дзюдо);

Майыптыгы бар жарандар арасында олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Болот Азамат уулу (Пара кол күрөш);

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Акжол Махмудов (Грек-рим күрөшү);

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү);

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Руслан Маджинов (Эркин күрөш);

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Бей-Барс Анарбеков (Белбоо күрөш);

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Самара Абдумалик кызы (Самбо);

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев (Самбо);

Жыл жаңырыгы – Эрназар Акматалиев (Эркин күрөш);

Мыкты ММА чебери – Алтынбек Мамашев;

Мыкты улакчы – Нуржан Мелисбек уулу.

Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:

Атайын сыйлык – Эдуард Кубатов;

Мыкты меценат – Шаршенбек Абдыкеримов.

Белгилей кетсек, Sports Awards – 2021 сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.

Сүрөттөр Маданият министрлигиники

Пикир

Оставить комментарий