• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Sports Awards: Ниязов мыкты улакчы, Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты спортчусу

Спорт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкекте өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктаган Sports Awards-2019 аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.

Интернет сурамжылоонун жана эксперттик комиссиянын тандоосу боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:

- Нурбек Алиев (армрестлинг);
- Гүлзада Калыгул кызы (жеңил атлетика).

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча:

- Элдияр Сексенбаев (алыш күрөшү).

Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:

- Улукбек Жолдошбеков (эркин күрөш);
- Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү).

Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:

- Авазбек Аманбеков (кикбоксинг).

Мыкты улакчы - Манас Ниязов («Достук»).

Мыкты грэпплер – Абдурахман Муртазалиев («Kyrgyzstan Top Team»).

Жыл секириги – Нурадин Рустамбек уулу (бокс).

Жылдын командасы –волейбол боюнча республиканын курамасы.

2019-жылдын мыкты машыктыруучусу болуп Бообек Тотошев (кармашып урушуу) табылды. Мыкты меценат - Раимбек Матраимов.

Пикир

Оставить комментарий