• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Ш.Садыков атындагы Республикалык спорт колледжинде спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Мелдешке спорт чеберлеринин, спорт чеберлигине талапкерлердин, ошондой эле чоңдордун 1, 2, 3-разряддарынын программалары боюнча 19 кыз жана 19 бала катышты.

Иш-чаранын максаты спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо жана тарбиялык иштердин жыйынтыгын чыгаруу болуп саналат.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды:

I орун Т.Питаев – спорт чебери;
II орун Эмил Ткачук Эмил – спорт чебери;

I орун Никита Чудаев – чоңдор арасында;
II орун Даниэль Коземиренко – чоңдор арасында;

I орун Бабур Байышов – чоңдор арасында;
II орун Глеб Семицев – чоңдор арасында;
III орунАртем Хиценко – чоңдор арасында;

I орун Александр Ким – кичинекейлер арасында;
II орун Константи Ким – кичинекейлер арасында;
III орун Сабир Исмаев– кичинекейлер арасында;

I орун Глеб Юсупов – кичинекейлер арасында;
II орун Ислам Мирбеков – кичинекейлер арасында;
III орун Данэль Зайцев – кичинекейлер арасында;

I орун Дильбара Жумабекова– спорт чебери;
I орун А.Красноперова– спорт чеберлигине талапкер;
II орун Э.Малахова – спорт чеберлигине талапкер;
III орун Л.Некрасова – спорт чеберлигине талапкер;

I орун М.Мусалян – чоңдор арасында;
II орун Н.Маниязова– чоңдор арасында;
III орун Д.Покидько – чоңдор арасында;

I орун С. Мамашарипова– чоңдор арасында;
II орун А. Аралбекова – чоңдор арасында;
III орун К. Гайфулина – чоңдор арасында;

I орун К. Хиценко – чоңдор арасында;
II орун Н. Шафатова – чоңдор арасында;
III орун А.Ешинбекова чоңдор арасында.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий