• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Спорттук-реабилитациялык борборго кычкылтек концентраторлору берилди

Спорт 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. 11-август күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Спорттук-реабилитациялык борборго 3 даана кычкылтек концентратор жана пульсометрлерди өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

«Учурдан пайдаланып, сиздердин эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиргим келип турат. Баарыбыздын башыбызга кыйынчылык түшкөндө, сиздер алдыңкы катарда туруп, эч нерсеге карабастан коронавирус менен күрөшүүгө өз салымыңыздарды коштуңуздар. Биздин спортчулар кычкылтек концентраторлорун алууга жардам беришти. Өз кезегинде биз да чечим кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетине кайрылып, алар аркылуу кычкылтек концентраторлорун жана пульсометрлерди алдык. Бул сиздер үчүн спорттук коомчулуктан кичинекей жардам болсун», – деген Аманкулов.

Ошондой эле ведомствонун директору Мамагенттик Спорттук-реабилитациялык борборду техникалык камсыздоо иштерин улантаарын белгилеген.

Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгери Сагындык Айтбаев Канат Аманкуловго медициналык жабдыктар үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий