• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Спорттун триатлон түрүнө кызыгуучулардын катары өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жолго салган триатлон федерациясы спорттун жаңы түрү болуп саналат. Ушул кыска аралыктын ичинде спорттун бул түрү өз ышкыбоздорунун катарын бир топко кеңейте алды. Улуттук олимпиадалык комитет да бул федерацияны таанып, машыктыруучулар жагынан жакындан колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу маалыматтар менен тааныштырып, ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутаттын белгилешинче, спорттун бул түрүнө толук кандуу саламаттыгы чың спортчулар гана эмес, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздашууда.

Триатлон түрү боюнча спортчулар үчүн болгону веложарыш үчүн жолдун түздүгү менен кеңдиги зарыл. Ошондой эле бассейндердин талаптагыдай иштеши да шарт. Бирок, бассейндерди иштетүү жагынан айрым аймактарда абал жакшы эмес. “Мисалы, Кара – Балта шаарындагы бассейн муниципалдык бийликтин балансында тургандыктан, оңдоо иштерин алар өз жоопкерчилигине алгандыгына бир жылдан ашса да, бирок иштин ордунан козголбой тургандыгы далай триатлончуларга кедергисин тийгизүүдө”, - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле депутат Бактыбек Турусбеков КР триатлон боюнча федерациясынын вице – президенти болуп да шайланган. Ал бул багытта иш алып барып, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө четтеп турбастыгын билдирди.

Эске сала кетчү нерсе, депутат Бактыбек Турусбеков ушул жылдын 26 – августунда сенсациялуу көрсөткүчтү жаратып, Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күнгөй жээкти көздөй 14 км аралыкты сүзүп өтүп, спорттогу мыкты чеберчилигин көрсөткөн болчу. Эл өкүлү угармандардын бул багыттагы суроолоруна жооп берип, жеке машыгуу ыкмалары тууралуу да айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий