• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Спортзалдагы күндүзгү стационарлар: Акматова кыш мезгилинде жылуулук системасы кантип чечиле турганын айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде кыш мезгилинде күндүзгү стационарлардагы жылуулук системасы туурасында айтып берди.

Брифингде Айнура Акматовага “Учурда күндүзгү стационарлар спортзал жана чатырларда түзүлдү, ал эми кышында эмне болот?” деген суроо берилди.

“Биз күндүзгү стационарларга жылуулук системасын киргизүүнү карап жатабыз. Ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорун колдонууну да кароодобуз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, өлкөнүн бардык аймактарында жеңил жана орто оор абалдагы жарандар медициналык жардам алуу үчүн күндүзгү стационарлар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий