• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлүү боюнча долбоор даярдалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлүү боюнча долбоор даярдалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аталган вакцинаны алууга тапшырма берген.

“Россиянын “Спутник V” вакцинасын сатып алуу үчүн кошумча каражат бөлүү боюнча долбоор даярдалууда. Анын алкагында 118 миң адам эмделет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы май, июнь айларында келерин билдирген.

Ал белгилегендей, өлкөгө аталган вакцинанын 500 миң дозасы акысыз негизде берилет.

Пикир

Оставить комментарий