• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ССМ башчысы Немис өнүктүрүү банкынын консультанттары менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев курамына профессор Кондрад Оберманн, профессор Бернд Глазински жана Татьяна Гериг айым кирген Немис өнүктүрүү банкынын консультанттарынын миссиясы менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын максаты КР ССМ суроосуна ылайык, “КР саламаттык сактоо министрлигине перинаталдык саламаттыкты коргоо тармагында колдоо көрсөтүү үчүн муктаждыктарды баалоо” техникалык тапшырмасын аткаруу болуп саналат. Тактап айтканда, ССМнын бул тармактагы учурдагы потенциалын баалоо жана аны жакшыртуу сунуштарын иштеп чыгуу болуп саналат.

Маалыматка ылайык, профессорлор Конрад Оберманн жана Бернд Глазински Бишкекте 27-31-мартта болушат. Ал эми Татьяна Гериг айым 3-7-аперлде облустук дарылоо-алдын алуу уюдарынын кызматкерлери менен жолугушат.

КР саламаттык сактоо министри менен жолугушуунун жүрүшүндө Немис өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү мындан ары ССМ менен перинаталдык саламаттыкты коргоо жаатында жардам көрсөтүүнүн алкагында тыгыз кызматташуу ниетин белгилешти.

“Перинаталдык саламаттыкты коргоо багытында бизге көрсөткөн жардамыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Анткени, эне жана баланы коргоо министрликтин ишиндеги маанилүү багыттардан болуп эсептелет” –деп белгиледи Т.Батыралиев.

Пикир

Оставить комментарий