• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ССМ: Кадамжай районундагы жол кырсыгынан 29 аскер кызматкери жабыркап, алардын 5 оор абалда

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы жол кырсыгынын натыйжасында, 29 аскер кызматкери жабыркап, алардын ичинен бешөө оор абалда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 5 аскер кызматкери Кадамжай аймактык ооруканасында оор абалда, баш сөөк жаракаттары, мээ чайкалуу, сынык аныкталган.

Калган 24 аскер кызматкери Кадамжай аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Абалдары орточо, аларда баш мээ чайкалуу, булчуң эттерин оорутуп алуу, ар кандай даражадагы сыныктар аныкталды.

Жабыркагандардын баары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалган, дарылоо жана байкоо уланууда.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы бүгүн Баткен облусунун Кадамжай шаарына кире беришинде болгон. Аскердик “Камаз” курулуп жаткан үйдү сузүп кеткен. Жыйынтыгында 29 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий