• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ССМ калктын корголбогон катмарын иммунизациялоо иштерин жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 24-30-апрелде Кыргызстанда Европа иммунизациялоо жумалыгын баштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылы бул демилгенин негизги темасы калктын корголбогон катмарын эскертүү, коргоо жана эмдөө болуп саналат.

Аны ишке ашыруу үчүн КР ССМнын 2017-жылдын 28-мартында №251 “Кыргыз Республикасында Европа иммунизациялоо жумалыгын өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкканы белгиленет.

Буйрукка ылайык, жер-жерлерде иммунизациялоо жумалыктын иш-чараларынын бөлүгү катары алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерге, саламаттык сактоо кызматтары жеткиликсиз болгон калктын эмделбеген топторуна багытталган.

ЕИЖ жүрүшүндө кызматкерлердин көчмө жана мобилдик (25 көчмө жана 22 мобилдик) медициналык бригадалары түзүлүп, жаңы конуштарда, жайыт жерлерде эмдөө пункттарын уюштуруп, акысыз вакцинация жасашат.

КРда калкты пландык иммунизациялоонун натыйжасында, вакцина колдонулуучу жугуштуу оорулар (дифтерия, шал, кызылча, кызамык, көк жөтөл, полиомиелит, паротит, кургак учук, вирустуу гепатит В) жыл сайын азаюуда. Акыркы 15 жылда дифтерия катталган эмес, башка вакцина колдонулуучу жугуштуу оорулардын саны да кыскарып жатат.

Белгилей кетсек, ССМнын вакцина колдонулуучу жугуштуу ооруларды азайтуу аракеттери өкмөттүн туруктуу колдоосунда турат.

Акыркы жылдары республика ички жана тышкы миграциянын чоң агымына туш болду. Балдар алдын алуу эмдөөлөрүн өз убагында алышпаган алыскы жана жетүү кыйын (жайыттар, кыштоолор) бар. Диний көз караштарына жана вакцинадан кийинки кошумча оорулардан коркуунун (эмдөөгө тийиш балдардын 3%ы) негизинде эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө. Мындан тышкары, республикада балдардын 4%ы убактылуу медициналык жылдыруу көрсөтмөлөрүнө ээ. Буга байланыштуу жыл сайын иммундук корголбогон балдардын пайызы өсүп жатат, бул жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

2006-жылы БДСУ ЕАБ мүчө-мамлекеттери өлкөлөрдү калктын эмдөө албагандарын камтуу үчүн Европа иммунизациялоо жумалыгын өткөрүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Бул демилгенин узак мөөнөттүү максаты түзүлгөн: башкарылуучу инфекциялардан корголуу үчүн ар бир баланын укугу жана муктаждыгы тууралуу билүү деңгээлин жогорулатуу аркылуу иммунизация программаларынын натыйжасын арттыруу, мында калктын корголбогон катмарына жана кооптуулугу жогорку топторго өзгөчө көңүл бурулат.

БДСУ жалпы, аймактык демилгелерди координациялайт, ал эми катышуучу өлкөлөр ЕИЖ иш-чараларын тиешелүү деңгээлде өткөрөт. Ошентип, демилге аймактын ар түрдүүлүгүн эске алуу менен координацияланган мамиле жасоо алкагында европа аймагынын өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.

Кыргызстанда балдар үчүн вакциналардын бардыгы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан БДСУ квалификациясынан өткөн, дүйнөдөгү эң алдыңкы өндүрүүчүлөрдөн сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий