• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ССМ: Республикада кызамык жана кызылча оорусу боюнча абал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Республикада кызамык жана кызылча оорусу боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна шилтеме берүү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 1-кварталынын жыйытыгы боюнча, кызылча жана кызамыкка шектүү болгону 55 учур катталган, анын ичинен Чүй облусунун Кара-Балта шаарында март айында катталган кызамыктын 1 гана учуру ырасталган. Оорулуунун анализи тестирлөөдөн өтүү үчүн Москва шаарындагы Габричевск атындагы эпидемиология жана микробиология институтуна жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы оң болуп чыккан.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда оорулуулардан кызылчанын 2 учуру ырасталган.

Республикалык иммунопрофилактика борбору Европа аймагындагы өлкөлөрдө 2017-жылдан баштап кызамык оорусунун эпидемиялык жогорулоосу байкалып жатканы тууралуу маалымдайт. Бул тууралуу маалымат Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча Европа борборунан алынган.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча Европа борборуна шилтеме кылуу менен Республикалык иммунопрофилактика борбору билдиргендей, жабыркагандардын жалпы саны 4000 адамды түзөт. Оорулуулар 14 өлкөдө катталган: Австрия, Румыния, Болгария, Бельгия, Чехия, Венгрия, Франция, Германия, Швеция, Италия, Португалия, Исландия, Испания, Швейцария. Оорулуулардын көпчүлүгү Румыния жана Италияда катталган.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандын туристтерин сапарга чыгууну пландоодо ушул абалды эске алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий