• 84.79
  • 96
  • 1.1

СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 05.12.21. /Кабар/. 4-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Казак Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын луреаты, СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу, дастанчы, атактуу төкмө Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанатка мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, коомдук - маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Салтанат Эстебес Турсуналиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган даректүү тасма менен башталып, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында Эстебес Турсуналиев өзү түзүп кеткен "Эл ырчысы Эстебес " тобунун атайын даярдалган программасы менен ачылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эстебес Турсуналиевдин кыргыздын салттуу музыкасына кошкон салымы жогору бааланып, анын басып өткөн жолу өсүп келе жаткан маданият өкүлдөрү үчүн өрнөк жана сабак болору белгиленди. Эстебес Турсуналиев ак таңдай акын гана эмес, түрдүү өнөрдү бирдей алып жүргөн олуттуу салмагы бар инсан экендиги, анын табият берген таасын талантынын ченемсиздигинен, комузду так сүйлөтүп, кол ойноткон көркөмдүк сапатынын натыйжансында улуу төкмөлөрүбүз Жеңижоктун, Эшмамбет менен Токтогулдун, Атай, Коргоол, Ысмайыл, Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Алымкул сыяктуу акындардын жолун жолдоп, шакирти катары таасын төкмөлүк өнөрлөрүн улантып, кийинчерээк Токтосун, Тууганбай, Ашыраалы, Замирбектерди ээрчитип, замандаш болуп, кыргыз элинин булуң бурчун калтырбай, күндөп-түндөп, унаа үстүндө, ат үстүндө кыдырышып, төкмөлүк өнөрдүн асылдыгын, улуулугун даңазалап, бүгүнкү күндө жаш төкмө таланттардын чыгышына өбөлгө болгондугун эскеришти.

Эстебес Турсуналиев 1931-жылдын 5-майында Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылында туулган. Атасы Турсуналы жакшы комузчу, энеси Арпаян аңгемечи, кошокчу катары элге таанымал болгон. Ата-энесинин таасиринен жана табийгат аруулаган талантынан ал тогуз жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, они эки жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга катышкан.

1946-жылы атактуу төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиевдин жөндөмдүүлүгүн байкап калып, аны Фрунзе шаарына алып келип, таалим-тарбия берген. 1947-жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисти кыргыздын белгилүү ырчы, төкмө акындары Карамолдо Орозов, Алымкул Үсөнбаев, Ибрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Исмаил Борончиев ж.б. у.с. акындардын шакирти болгон. 1976-жылы “Эл шайырлары” фольклордук тобун түзүп, ал топ менен Индия, Бельгия, Швеция, Франция, Япония жана башка өлкөлөргө гастролдорго барып, зор ийгиликтерге жетишкен.

Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берип, профессордук наамга жетишкен. Анын адабий чыгармалары 1950-жылдан баштап коомчулукка жарыяланган.

Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин, ошондой эле 1967-жылдан тарта СССР жазуучулар бирикмесинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаты. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган. 1964-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1974-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 1988-жылы СССРдин эл артисти, 1994-жылы Казахстандын эл артисти, 1999-жылы Эл аралык ички байлыкты кайра жаратууга көмөктөшүү ассоциациясынын “Руханият” сыйлыгы, 2001-жылы I даражадагы “Манас” ордени, “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалы, “Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнө 100 жылдыгындагы каарман эмгеги үчүн” медалы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Эстебес Турсуналиев залкар төкмө акын катары кыргыз элинин кайсыл жеринде болбосун, барган айылдын эли-жерин жатка билип, бал тили менен жаратылышынын кооздугун жар салып, ата-тегинин кыйындыгын, алдыга суурулуп чыккан активдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин кылган эмгектерин курч-мүнөздүү, терең-мазмундуу көрөгөчтүгү менен көөдөнүндөгү ойлорун даана-таамай айтып-даңазалап, өзүнүн чеги жок таасын таланттыгы аркылуу жергиликтүү элди тамшандырган. Ал төкмөлүк өнөр менен алектенип эле тим болбостон, дастанчы иретинде да көптөгөн дастандарды, термелерди ырдап элге жеткирип, акын-жазуучу катары жыйнактарды жазып басмылмалардан чыгарган. Ал сегиз китептин автору болгон.

Пикир

Оставить комментарий