• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 174 ок-дары алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.18./Кабар/. 6 айдын ичинде 174 ок-дары алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматы тарабынан 13 курал жана 174 ок-дары алынган.

“Ал эми баңгизаттар боюнча 5 факт катталды - 31 килограммдан ашык баңгизаты алынды. Ошондой эле 19 миллион 879 сомдук аткезчилик жүк кармалды. Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүк боюнча 61 миң 668 факт катталды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий