• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 8 айда 13,7 тонна тазаланган алтын өндүрүлдү — Боронов

Экономика 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өнөр жай тармагында 205 млрд 626 млн сомго продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, "Кумтөр" кен ишканасын эсепке албаганда көлөм 88 млрд 317,2 млн сомду түздү. Ал эми физикалык көлөмдүн индекси 90,4%ды түзөт.

"8 айда негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү (алтын өндүрүү) 11,6 пайызга өстү. Тоо кен тармагы боюнча ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 13 735 кг тазаланган алтын өндүрүлдү. Бул тармакта өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн "Кумтөр" жана "Алтынкен" ишканаларынын көлөмү көрсөтөт", - дейт ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, 2020-жылы 8 айда бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн 10 млрд 885 млн 753,3 миң сом түштү. "Анын ичинен "Кумтөрдөн" дүң киреше салыгынан 2020-жылдын 8 айында 6 млрд 133 млн 424,6 миң сом, алтын өндүргөн компаниялардан киреше салыгынан 1 млрд 729 млн 285,5 миң сом түштү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий