• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 15,8 млн ашык мал эмдөөдөн өткөн

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 15 млн 855 миң 3 мал эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, коронавирус эпизоотияга каршы пландалган көптөгөн иш-чараларга тоскоолдуктарды жаратса дагы ветеринардык адистер жеринде жугуштуу ылаңдарга каршы алдын алуу, диагноздоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүздү.

"2020-жылдын 8 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотикага каршы иш-чаралар жалпы 17 млн 831 миң 9 баш малга жүргүзүлдү. Анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 млн 425 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 15 млн 855 миң 3 башка, дегельминтизация жана башка дарылоолор 551 миң 6 башка же болбосо 2020-жылдын III кварталына бекитилген план 98%га аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий