• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

9 айда Ысык-Көлдө өрттөн 207 млн сомдук баалуулуктар сакталган - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 239 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 34 млн 886 миң 852 сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда өрттү өчүрүү учурунда өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аракетинин негизинде 206 миллион 706 миң сомдук материалдык баалуулуктар тилсиз жоодон сакталган.

Өрттүн негизги себептери техникалык эксплуатацияны бузуу, отко этиятсыз мамиле кылуу, тамеки тартуудагы этиятсыздык, балдардын от менен шоктугу болуп саналат.

ӨКМ жайдагы өрт коркунучтуу мезгилде кургак чөп, былтыркы түшкөн жалбырактар заматта кичинекей учкундан күйүп, өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат:

- чатырларда, жертөлөлөрдө күйүүчү материалдарды сактоого болбойт;

- балдарга ширеңке менен ойноо кооптулугун түшүшүндүрүү зарыл;

- тиричилик электр шаймандарын, газ плиталарын иштеген бойдон калтырбоо керек;

- колго жасалган электр жылыткыч шаймандарын колдонбоңуз;

- токойдо же тоодо жүргөндө күйүп жаткан ширеңкени, тамекинин калдыктарын, айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын, майланган жана бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл. Эс алуучу жайдан чыкканда, очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак менен өчүрүңүз.

Облустагы өрттүн жайылышы:

- Каракол шаарында 63 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган;

- Балыкчыда 23 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болгон;

- Ак-Суу районунда - 31 өрт;

- Жети-Өгүз районунда - 37 өрт;

- Ысык-Көл районунда - 36 өрт;

- Тоң районунда - 18 өрт;

- Түп району - 31 өрт катталып, 2 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий