• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин интернетке кошуу зарыл - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл. Бул маселе боюнча милдеттерди алган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аларды кынтыксыз тартипте аткарууга тийиш», - тиешелүү тапшырманы бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынындаберди.

Өкмөт башчы белгилегендей, эгерде окуу жылынын башталышына карата мектептердин 80% Интернетке кошулса, анда жыл аягына чейин камсыздоо 100% болушу керек. Мектептерди интернет менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштер белгиленген мөөнөттө так бүткөрүлүүсү шарт.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, мамлекеттик мектептердинжалпы санынан 1451 мектеп же 67% Интернет менен камсыздалган.

Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы тууралуу баяндама жасаган министрбүгүнкү күнү иш жүрүп жаткан билим берүүнү санариптештирүү тармагындагы долбоорлорду белгиледи.Алардын арасында: электрондук лицензиялоо, Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоо, мектепке келүүнү каттоону автоматташтыруу, билимди компьютердик тестирлөө менен текшерүү,«электрондук күндөлүк» жана башкалар бар.

Мындан тышкары Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, билим берүү тутумунда жүргүзүлгөнреформалардын алкагында билим берүү стандарттарын жаңылоо, жаңы окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу пландалууда.

Ошону менен бирге 2010-2017-жылдары мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 58% дан 83,6%га чейин жогорулаган.

Премьер-министр өзгөчө басым жасагандай, каржылоонун жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан,изилдөөлөр өлкөдө билим берүү сапатынын төмөндүгүн көрсөтүүдө.

«Учурда бала бакчаларда балдар көп, 600 бала бакчага муктаждык бар. Мектептерде дагы ушундай жагдай,мугалимдердин жүктөмү чоң. Демек, окуу материалы ар бир окуучуга тийиштүү түрдө жеткирилбейт. Бизаймактарда билим берүүнү өнүктүрүүгө басым жасоого тийишпиз, себеби калктын басымдуу бөлүгү дал ошолжактарда. Өлкө Президенти өзүнүн Жарлыгы менен 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары бекеринен жарыялаган жок. Билим берүү өлкө үчүн маанилүү стратегиялык милдеттерди аткарат. Булбиздин мамлекеттин келечегинин курулушу. Биз тарбиялап жаткан муун өлкөнүн өнүгүү багытын аныктайт», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий