• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сталинграддагы жеңиштин 80 жылдыгына карата жөө жүрүш өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда "Наша Победа – Биздин Жеңиш" издөө кыймылы менен биргеликте Сталинград согушундагы немис-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында коргоо министринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Акылбек Дононбаев билдирди.

Анын айтымында, 27-январда саат 16:00дө Коргоо министрлигинин кошуундарында жана бөлүктөрүндө өздүк курам беш чакырымга жөө жүрүш жасайт.

Катышуучулар саат 15:30 иш-чара өтүүчү жерлерде чогулат:

- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи;

- К. Үсөнбеков атындагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту;

- Токмок, Балыкчы, Григорьевка, Ош жана Жалал-Абад шаарларында.

“Эскерүү иш-чараларына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун, Сталинград согушунун катышуучуларынын урпактары, ошондой эле 98 жана 99-аткычтар бригадаларынын жоокерлери, аскердик-спорттук, спорттук клубдар, ардагерлердин уюмдары, издөө кыймылдарынын өкүлдөрү, республиканын билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын окуучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана запастагы аскер кызматчылары чакырылат”, - дейт ал.

Сталинград согушунда немис-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган жөө жүрүшкө катышуу үчүн катталуу жана боло турган иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

- Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында - (0700) 06-76-96 (телефон жана ватсап):

- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында - (0708) 65-63-76 (телефон жана ватсап).

Пикир

Оставить комментарий