• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Стамалиева "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" максаты тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Белгилүү болгондой, быйылкы жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КР президентинин басма сөз катчысы - президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева ал тууралуу айтып берди.

"Президенттин ишинин алгачкы жылы "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Ал мамлекеттик саясаттын максаты Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү жашаган аймактарда биздин жарандарыбызга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү, жергиликтүү ата мекендик экономиканы көтөрүү, кайра иштетүү ишканаларын түзүү, анын натыйжасында кошумча жумуш орундарын түзүү менен ички миграцияны кыскартууга түрткү жана өбөлгө болуу. Ички миграцияны баса белгилегенибиздин себеби, ал үй-бүлө институтуна таасирин тийгизүүдө. Биздин аярлуу катмар – балдарга мамлекет тарабынан колдоо талап кылынат. Ошондуктан ал мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарлык менен белгиленди", - деди ал.

Анын айтымында, өлкөнү санариптештирүүнүн максаты тууралуу буга чейин да бир нече ирет айтылган.

"Бул мамлекеттик саясаттын максаты жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө коррупциялык элементтерди жоюу. Анын натыйжасында, жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү органдарындагы көмүскө айлануудагы каражаттарды ачыктоо", - деди ал.

Ал белгилегендей, президенттин эки жылдан берки саясаты жана ал саясаттын негизинде аткарылып келе жаткан иш балдарды колдоо үчүн укуктук жана экономикалык базаны чыңдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий