• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Стамалиева «Клооп», «24.kg» жана «Азаттыктын» эсептеринин камакка алынышы боюнча билдирүү жасады

Президент 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. КР Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкөнүн «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарынын эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүү жасады.

"КР президенти Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдогону белгилүү.

Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. КР президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт.

Мамлекет башчысы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек.

Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген КР президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз", - деп айтылат Стамалиеванын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий