• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамалиева: Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетет

Президент 0

Бишкек, 14.10.20 /Кабар/. КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусунда эмнелер талкуулангандыгы тууралуу айтып берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков парламент Жапаровду өлкөнүн өкмөт башчысы кызматына бекиткенден кийин Садыр Жапаров менен жолугушкан.

«Жолугушууда премьер-министр президент бүгүн кечинде кызматтан кетиши керек деген талабын койду. Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда президенттикти таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ал 2020-жылдын 9-октябрында айткан сөзүндө турарын - кырдаалды укуктук талаага кайтарып, парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланган соң гана кетерин эске салды», - деп билдирди Стамалиева.

Пикир

Оставить комментарий