• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стамалиева президент Жээнбеков жана ЖК төрагасынын телефондук сүйлөшүүсү тууралуу кеңири айтып берди

Президент 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрь күнү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, тараптар өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады.

"Сүйлөшүү учурунда Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу гана эмес, жолугушуп сүйлөшүү зарыл деген оюн билдирди. Ал баса белгилегендей, учурда өлкөдө түзүлгөн саясий туңгуюктан чыгууда өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы легитимдүү болууда. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен жүргүзүү ниетин билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент белгилегендей, өлкөдө болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу зарылдыгы турат. Ошондуктан өкмөттүн курамы болобу же башка органдарда болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жарлык жана парламент тарабынан сунушталчу расмий кагаздарга дагы кол коюуга, сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди. Эскерте кетсек, президент кечээ күнү жасаган кайрылуусунда да президент бирдиктүү аянтча зарылдыгын белгилеген. Ушундай эле өтүчүн, билдирүүсүн төрагага билдирди. Сүйлөшүүлөрдө негизги ролду Жогорку Кеңештин төрагасынан көрөрүн баса белгиледи", - деди Стамалиева.

Ал билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө азыр парламентте козголуп жаткан президентке импичмент жарыялоо маселеси да айтылган.

"Бул боюнча Сороонбай Жээнбеков биринчи кезекте өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалды укуктук талаага алып келүү зарылдыгын билдирди. Ошондон кийин спикер жана башка күчтөр менен отуруп, калган бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын баса белгиледи", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий