• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбул-Бишкек авиакаттамынын 16 жүргүнчүсү Ысык-Көл облусундагы обсервацияга жайгаштырылат

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Мурдарак Стамбул-Бишкек авиаттамы менен учуп келген 16 жүргүнчү тиешелүү кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көл облусуна бара жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 16 адам Ысык-Көл облусунун жарандары.

“Ак-Кеме” экологиялык постуна келгенде алар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, тез жардым кызматынын унаалары менен обсервацияга жеткирилет.

Кечээ өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, Стамбулдан учуп келген кыргыстандыктардын 198инин анализинде коронавирус аныкталган жок. Бардыгы Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен 211 кыргызстандык учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий