• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбул-Бишкек каттамы менен 29-июлда Кыргызстанга кайтчу жарандардын назарына

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу Кыргызстанга кайтат. Кыргызстандыктар «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкеке учуп келишет.

Ага байланыштуу КРнын Түркиядагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмелериндеги жана башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн авиабилеттер тиркемеде көрсөтүлгөн резервация коддоруна ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын Анкара шаарындагы (борбордук кеңсе) жана Стамбул шаарындагы (Таксим жана Кадыкөй районундагы) кеңселеринде сатылат. Ошондой эле авиабилеттерди 2020-жылдын 28-июлунда түздөн-түз Стамбул эл аралык аэропортунан сатып алууга болот. Авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортко салыштырмалуу жогору болорун эскертебиз.

Башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн резервация коду: Жүктөө

Элчиликтин тизмесиндеги жарандар үчүн резервация коду: Жүктөө.

Пикир

Оставить комментарий