• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбул шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Маданият 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жыйынга Кыргызстандан маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев катышкан. Анда Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгрия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук жана маданий иш-чаралардын долбоору, жобосу талкууланган.

Жыйында Кайрат Иманалиев баяндама жасап, Кыргызстанда өткөрүлгөн I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этномаданий иш-чаралары кандай өткөндүгү тууралуу айтып берген. Ал Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында ар бир мамлекетке өзүнүн маданиятын таанытууга кеңири мүмкүнчүлүк берип, маданий иш-чаралар үчүн кеңири аянтча түзүп берүү сунушун берген. Ошондой эле, “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалын жана кол өнөрчүлөр үчүн “Этнобазар” уюштурууну сунуштаган. Аны менен бирге ал Кыргызстандын искусство адамдары чыгармачылык топтор менен бирге Түркиянын маданият ишмерлерине көмөк көрсөтүүгө жана Түркия жергесинде Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө дагы бир ирет таанытууга даяр экенин билдирген.

Жыйындын жүрүшүндө оюндарды өткөрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасы колдонулары, кыргыз тарап берген сунуштар эске алынары белгиленген.

Белгилей кетсек, Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 2021-жылдын сентябрь айында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий