• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Стамбул шаарында ТМУнун Инвестициялык фондун түзүү маселеси каралды

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. 15-19-августта КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Стамбул шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Инвестициялык фондун түзүү маселесин изилдөөнүн алкагында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйынына катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында капиталдаштыруу, директорлор кеңеши, башкы директор, укуктук статусу, структурасы, башкаруу схемасы боюнча келишимдин долбооруна киргизилген негизги маселелер талкууланууда.

Бул Инвестициялык фондду түзүүнүн максаты - аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу ТМУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы кол коюуга даярдоо максатында мамлекеттик процедураларды өткөрүүгө жиберилүүчү макулдашуунун тийиштүү долбоорун иштеп чыгышат жана макулдашат.

"Бул макулдашууга Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында кол коюу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий