• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбулда адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарга тиешеси бар делген жаран Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн түрк жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан.

26-февралда ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Түркия жараны 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Андан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылып алынган.

Андан сырткары, текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаран Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынганы аныкталган. Ал Түркиянын Стамбул шаарында 2007-жылдын январь айында орун алган журналист Грант Динкти атайылап өлтүрүүгө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") жана 379-беренесинин 2-бөлүмү ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш иши козголду.

2022-жылдын 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.И. №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Пикир

Оставить комментарий