• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбулда Ак калпак күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. 5-март күнү Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Стамбулдагы кыргыз диаспорасы менен бирге кыргыз элинин улуттук баш кийими "Ак калпак" күнүн белгилешти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргыз элинин маданиятын жана улуттук баш кийимин даңазалоо максатында ак калпак кийген консулдуктун кызматкерлери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Таксим аянтынан жөө жүрүш жасап, Бейоглу районунун башчысы Мустафа Демиреллиге кайрылышып, ага ак калпак белек беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий