• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Стамбулда аскердик тик учак кулап, төрт адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында UH-1 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап, борттогу төрт адам каза болду. Бул тууралуу CNN Turk кабарлады.

Кырсык 11-февраль күнү Стамбулдун Азия бөлүгүндөгү Чекмикой районунда орун алган.

Стамбулдун губернатору Али Эрликая тик учак авариялык конуу жасаган учурда кулаганын билдирди.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, жаракат алган төрт аскер кызматкери ооруканага жеткирилген, бирок медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болушту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учак техникалык себептерден улам кулаган.

Эске салсак, 2018-жылдын ноябрь айында Стамбулдун Санджактепе районунда тик учак кулаган. Анда дагы төрт адам каза таап, дагы бирөө жарадар болгон.

Пикир

Оставить комментарий