• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Стамбулда элчи Өмүралиев ТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Стамбул шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Башкы катчы Багдад Амреев уюмдун учурдагы иши жөнүндө, ошондой эле экономика, соода жана инвестиция жаатындагы демилгелер тууралуу маалымат берди. Сооданы жеңилдетүү жана түрк каржы институттарын түзүү боюнча жамааттык стратегияны аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.

​Өз кезегинде элчи Кубанычбек Өмүралиев Башкы катчы Багдад Амреевге Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүдө катчылыктын жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошол эле учурда ал экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнүн, тактап айтканда, ТМККнын Инвестициялык Фондусун түзүү боюнча уюштуруу иштерин аяктоонун жана анын башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий