• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбулда Кыргызстан менен Азербайжандын билим берүү министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин 6-жолугушуусунун жана Түрк академиясынын Илимий кеңешинин 4-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Азербайжан Республикасынын билим берүү министри Эмин Амруллаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтык маселесинде жаңы сунуштарды ортого салышты.

Купешев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттерди алмашууну арттырууну, ошондой эле, кыргыз студенттер үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгып, Азербайжандын жогорку окуу жайларындагы квоталарды көбөйтүү сунушун киргизди.

Өз кезегинде Амруллаев азербайжан тарап кыргыз студенттери үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгарын билдирди. Ошону менен бирге ал Азербайжандын ЖОЖдорунда ушул тапта мунайды кайра иштетүү, кен казуу жана газ тармагы сыяктуу багыттар артыкчылыктуу болуп жатканын маалымдады.

Б. Купешев кесиптеши санап өткөн багыттар Кыргызстан үчүн да актуалдуу экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле, билим берүү жаатында тажрыйба бөлүшүү жана жаңы идеяларды алмашуу максатында эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда Ректорлордун ассоциациясын түзүү демилгеленди.

Пикир

Оставить комментарий