• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Стамбулда Түрк дүйнөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган эл аралык медиа форум өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк дүйнөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Түптөлгөн тамыр, бекем келечек” аталышындагы эл аралык медиа форум өтүп жатат. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум 22-23-24-октябрь күндөрү өтүп, анда массалык маалымат каражаттарынын бүгүнкү күндөгү ролу, түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат каражаттарынын интеграциялык байланышы, маалыматтык сабаттуулук жана дүйнө элдеринин массалык маалымат каражаттарына болгон ишеними сыяктуу бир катар сессиялар менен коштолот.

Кыргызстандан барган делегацияны КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев жетектеп барды. Анда Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жетекчилери, Бишкектеги ЖОЖдордун журналистика жана коммуникация багытынан мугалимдер жана студенттер катышууда.

Медиа форумдун ачылышына Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түркия Республикасынын президенттик администрациясынын алдындагы Байланыш башкармалыгынын Фахреттин Алтундар баш болгон бир катар өкүлдөр сөз сүйлөдү.

Форумдун негизги бөлүгү жалпы маданий келечек багытындагы түрк дүйнөсүнүн киноиндустриясы жана түрк дүйнөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Түптөлгөн тамыр, бекем келечек" аталышындагы атайын сессиялар менен башталды.

Кыргыз делегациясынан маданият министринин орун басары Илязбек Балташев “Эгемен түрк дүйнөсүнүн 30 жылдыгына көз чаптырууга мүмкүнчүлүк” деген темада сөз сүйлөп, өткөн жана келечек үчүн туура тыянак чыгаруу туурасында кайрылуу жасап, түрк тилдүү мамлекеттер бүгүнкү күндө геосаясатта өзүнүн татыктуу ордун ээлегенин, дүйнө коомчулугунун алдында эгемендүү түрк мамлекеттеринин үнү күчтүү жана биргеликте чыга баштаганын баса белгиледи.

Ошондой эле ал, форум өз учурунда жана жогорку деңгээлде уюшкандыкта өтүп жатканын белгилеп, Түрк кеңешинин мындай кадамы жалпы түрк дүйнөсүнүн маалымат тармагынын башын бириктирген мыкты аянтча болуп калганын баса белгиледи.

Белгиленгендей, форум 24-октябрга чейин уланат. Ага Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий