• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Стамбулда ураган үй: Көз жумгандардын саны 21ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан 21 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Trend агенттиги түрк басылмаларына шилтеме берип кабарлайт.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык болгонго чейин имараттын ичинде 35 адам болгон.

Урандылардын астынан 14 адам куткарылып, ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. “Биз 35 адамды таптык, издөө иштери дагы деле уланууда”, - деди ал.

Куткаруу иштерине 500дөн ашык адам катышууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, имараттын урап түшүүсүнө анын үстүндөгү өзүм билемдик менен салынган үч кабаты себеп болгон.

Эске сала кетсек, 6-февраль күнү Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түшкөн. Кырсык болгон күндөн тарта куткаруу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий