• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Стамбулда урандынын алдында калган 5 жашар кыз 19 сааттан кийин куткарылды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында 6-февраль күнү 8 кабаттуу үй урап түшүп, жыйынтыгында 3 адам каза болуп, 13ү жаракат алган. Бул тууралуу Report басылмасы Hürriyet маалымат агенттигине шилтеме берип кабарлаган.

Жарадар болгондордун үчөөнүн абалы оор экендиги айтылууда. Азырынча каза болгондор менен жабыркагандардын аты атала элек.

Кырсыктан 19 саат өткөндөн кийин куткаруучулар урандынын астынан Хавва Текгез аттуу 5 жашар кызды таап чыгышкан.

Айлана чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курумдун айтуусунда, урандылардын астында дагы деле элдер калууда. Кыйрандынын алдынан алардын үндөрү угулууда.

Кырсыктан кийин урап түшкөн үйгө жакын жайгашкан 7 имараттын жашоочулары эвакуацияланган.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 6-февралында Стамбулдун (Түркия) Малтепе районунда 8 кабаттуу үй урап түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий