• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Стамбулдагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл чамбар коюлду

Маданият 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана "Кыргызстан Достук жана Маданият" коому биргеликте Стамбул шаарынын Малтепе районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта жайгашкан залкар жазуучу Ч. Айтматовдун айкелине гүл чамбар коюшту.

КРнын Стамбулдагы башкы консулдугунун маалымат кызматынан билдиришкендей, таазим кылуу иш-чарасы быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу өткөрүлдү.

Жазуучунун эстелигине гүл чамбар коюуга келген кыргызстандыктар менен Стамбулдагы башкы консул Лира Сыдыкова жолугуп, консулдук тарабынан КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, консулдук кызматтарды көрсөтүү, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берип, мекендештердин суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий