• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбулдагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду

Маданият 0

Бишкек, 13.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 12-декабрында белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Н.Абдрахманов жана башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул шаарынын Малтепе районунда Ч.Айтматов атындагы сейил багында жайгашкан эстелигине гүл коюшту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысынын орун басары Султан Раев жана Малтепе районунун башчысы Али Кылыч да катышты.

Абдрахманов Ч.Айтматовдун түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бир гана жазуучу катары эмес, залкар дипломат катары кошкон зор салымын белгиледи.

Өз кезегинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Раев Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууну жана анын эстелигин орнотууга салым кошкон түрк тарабына ыраазычылыгын билдирип, жазуучунун түрк элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи.

Али Кылыч өз сөзүндө иш-чараны өткөрүү демилгесин көтөргөн башкы консулдукка ыраазычылыгын билдирип, Ч.Айтматовдун инсандыгынын улуулугун эскерип, түрк эли залкар жазуучунун элесин ар дайым эс тутумуна сактарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий