• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык декларация кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 18-майда, Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ИКУ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчылары тарабынан Палестинанын аймагындагы чыңалуунун өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануу билдирилген жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Декларацияда эл аралык коомчулукка, негизинен, БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнө Палестина маселеси боюнча эл аралык укук жана тартип ченемдерин коргоо милдеттенмелерин аткаруусу боюнча чакыруу билдирилди.

ИКУ кезексиз саммитинин катышуучу өлкөлөрү дүйнөлүк коомчулукту Палестинадагы абалды БУУ Башкы Ассамблеясынын, Коопсуздук кеңешинин жана БУУ Адам укуктары боюнча кеңешинин кароосуна токтоосуз түрдө коюуга күч-аракет жумшоого чакырды.

Кезексиз саммит ИКУнун учурдагы төрагасы – Түркиянын демилгеси боюнча чакырылды. Анын ишине 9 мамлекет – Афганистан, Гвинея, Иран, Катар, Кувейт, Мавритания, Судан, Иордания жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы катышты. Индонезия жана Гамбияны вице-президенттер көрсөтүштү.

Палестина, Кыргызстан жана Пакистан – Өкмөт башчылар деңгээлинде, ал эми Өзбекстан, Алжир жана Судан парламент спикерлер деңгээлинде көрсөтүлдү.

ИКУ Баш катчысы Юсуф бин Ахмад аль-Усаймин жыйынтык маалымат жыйынында белгилегендей, ИКУ саммити израиль аскерлеринин палестиналык тынч жарандарга карата аракеттерин эл аралык тергөөгө алууга чакырды.

Анын айтымында, палестиналыктарга карата аракеттерди иликтөө боюнча эл аралык эксперттерден турган көзкарандысыз комиссияны түзүү саммиттин кыйла маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий