• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стамбулдагы Манас эстелиги – КР жана Түркия маданий-гуманитардык кызматташтыгынын долбоору

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Стамбулдун тарыхый бөлүгүндө, Түркиянын жүрөгүндө десек болот, Манас баатырдын эстелигин тургузушту. Бул маданий долбоордун үстүндө иштөө өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылдын Тарых жана маданият жылы катары жарыяланышынын алкагында жүргөнү өзгөчө мааниге ээ.

Жакынкы күндөрү монументтин расмий ачылышы болот.

“Манас” эпосунун каарманына эстелик тургузуу мүмкүндүгү жана жери Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Ренат Түлөбердиевдин шаар мэри Кадыр Топбаши менен бир нече жолку жолугушууларында талкууланган. Бул жолугушуулардын алкагында түрк тарап мамлекет башчысы А.Атамбаевдин бул долбоорго кызыгуусун жана эстеликтин эскизин жеке макулдашуусу тууралуу кабардар болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Стамбулдун муниципалдык бийлиги эстеликти орнотууга аймагынын паркынан жер тилкесин бөлгөн. Монументтин жайгашкан жерин тандоо кокусунан болгон эмес жана Түркияда жашаган кыргызстандыктардын жолугушуулары үчүн ыңгайлуу аянтча болууга арналган.

Скульптуранын үстүндө иштөөдө Садабек Ажиев баштаган мыкты кыргыз чеберлери чогулган. “Манас” беш метрлик жез скульптурасынын автору - С.Ажиевдин шакирти Токталы Мурзакаримов.

Долбоор кыргыз жана түрк меценаттар тарабынан, ошондой эле, Стамбул муниципалитети аркылуу каржыланган. Анын ичинде, мэриянын парктар жана бакчалар дирекциясы тарабынан скульптуранын постаменти даярдалган.

Кыргыз-түрк элдеринин маданий-гуманитардык кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган дагы бир долбоорду белгилеп кетүү маанилүү. Түрк окумуштууларынын жана интеллигенциясынын кыргыз эпикалык “Манас” эпосун изилдөөгө болгон кызыгуусу.

Кыргыз Республикасынын президентинин демилгеси менен 2016-жылы Тарых жана маданият жылында “Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы 1840 бети кыргызчадан түрк тилине которулуп баштаган.

Бүгүнкү күнү бул түрк тилине толук которулган “Манас” эпосунун жалгыз чыгарылышы. Кыргыз баатырдык эпосунун көркөм жана бай сюжеттик линиясы окумуштуу-фольклорчулар тарабынан таанылган.

Котормо эки жактын кыргыз жана түрк тилдерин бирдей билген лингвист, филолог адистери тарабынан аткарылган. С.Орозбаковдун китебин которуп, оңдоп жана басып чыгарууга бир жылдан ашык убакыт кеткен. Которулган вариант 3500 бет тексттен турат.

Бул долбоорду каржылоо түрк ишкерлери тарабынан жүргүзүлүп, кошумча чыгымдарын Кыргыз Республикасынын президенти бөлүп берген.

Бул китеп легендарлуу манасчы С.Орозбаковдун 2017-жылы кеңири белгилене турган 150 жылдыгына карата чыгып жатканы маанилүү.

“Манас” эпосунун тарыхый каарманынын эстелигинин ачылышы жана эпостун түрк тилине которулган китебинин бет ачары - бул кыргыз жана түрк элдеринин КР президенти А.Атамбаев тарабынан белгиленген 2017-жыл Адеп, ыйман жана маданият жылынын алкагында мамлекеттердин кызматташуусунун - ири маданий окуясы. Бул саамалыктар эки достошкон элдин бекем, көп жылдык мамилелеринде маанилүү роль ойнойт.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий