• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Стамбулдагы жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0


Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон. Түркиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, жарылуудан 6 адам каза болуп, дагы 50сү жаракат алган.

"Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет. Башкы консулдук Түркия бийлиги менен байланышта болууда", - деп айтылат маалыматта.

Түрк укук коргоо органдары каза болгондор жана жабыркагандардын саны көбөйүп, иликтөө иштери уланып жатканын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий