• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Стамбулдан келген кыргызстандыктан коронавирус аныкталган жок - министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Стамбулдан Бишкекке учуп келген кыргызстандык жарандан коронавируска алынган анализдердин жыйынтыгы чыкты, анда оору аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Стамбулдан (Түркия) Бишкекке учуп келген жана дене табы көтөрүлгөнү аныкталган кыргызстандык жаран Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын обсервациясына жаткырылган.

"Иш-аракеттер жадыбалына ылайык, ал обсервацияга алынган. Учурда анын коронавируска карата анализдери лабораторияга жөнөтүлгөн. Алар бүгүн кечинде даяр болот", - деп билдиришкен министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий