• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктардын 198инин анализинде коронавирус аныкталган жок - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Стамбулдан учуп келген кыргыстандыктардын 198инин анализинде коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 17-апрелде "Стамбул-Бишкек" каттамы менен 211 кыргызстандык учуп келди.

"Стамбулдан учуп келгендердин 198инин анализи толук чыкты. Аларда коронавирус табылган жок. Калгандарынын анализи бүгүн түшкө маал даяр болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 506га жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкери. Коронавирустан 130 жаран айыкса, беш киши каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий