• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктын дене табы көтөрүлүп, карантинге жаткырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Стамбулдан (Түркия) Бишкекке учуп келген жана дене табы көтөрүлгөнү аныкталган кыргызстандык Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын обсервациясына жаткырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Иш-аракеттер жадыбалына ылайык, ал обсервацияга алынган. Учурда анын коронавируска карата анализдери лабораторияга жөнөтүлгөн. Алар бүгүн кечинде даяр болот", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий