• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы: Арбитраждын чечими тиешелүү өлкөлөрдүн юрисдикциялары тарабынан тастыкталышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. «Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы боюнча Арбитраждын чечими тиешелүү өлкөлөрдүн юрисдикциялары тарабынан тастыкталышы керек.

«Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining» компанияларынын Кыргыз Республикасына каршы доо арызы боюнча Арбитраждын чечими ЖМКларда айрым эксперттер тарабынан токтоосуз аткарууга тийиштүү вердикт катары көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу КР Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет.

Арбитраждын чечими кыргыз тарап арбитраждык сумманы автоматтык түрдө төлөйт дегенди билдирбейт. Бул чечим ар түрдүү юрисдикцияларда, тагыраагы конкреттүү өлкөнүн мамлекеттик соттук органдарында тастыкталышы керек. Өкмөт Арбитраждын чечимине даттануу боюнча сөзсүз түрдө тиешелүү чараларды көрөт жана көрүп жатат. Бул дайыма узак соттук процесстер менен коштолот. Белгилей кетсек, ушул эле компаниялардын доо арызы боюнча 2014-жылы Канадада жана Россия Федерациясында буга окшош арбитраждык соттошуулар жүрүп, алар 2015-чи жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын пайдасына аяктаган. 2019-жылдын 20-августунда «Stans Energy Corp» компаниясынын доо арызы боюнча арбитраждык чечим жарыяланган соң бул компаниянын акцияларынын баасы 70%га түшкөнү кокусунан эмес. Анткени арбитраж тарабынан доо талаптарынын 6% гана канааттандырылган.

Азыркы учурда мындан аркы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн 2019-жылдын 20-августундагы арбитраждык чечимге талдоо жүргүзүлүп жатат.

Ошону менен бирге Борбордун аргументтери «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүү укугу кызмат адамдарын коррупциялык паралоо жана каражаттарды офшордук компаниялардын эсептери аркылуу легалдаштыруу жолу менен алынган деген позицияны камтыйт. Бул доогерлер арбитраждык чечимди аткарууну каалаган кайсы мамлекетте болбосун аны таанууга жана аткарууга келтирүүгө натыйжалуу каршы турууга негиз берет.

Эскерте кетсек, бул арбитраждык процесс 2013-2014-жылдар мезгилиндеги «Кутессай-II» жана «Калесай» кендери боюнча лицензияларды артка кайтаруу маселесине тийиштүү.

Пикир

Оставить комментарий