• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Стартап Кыргызстан 2021” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Инновациялык ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүндө демилгелерди колдоо жана инновацияларды илгерилетүү максатында уюштурулуп жаткан “Стартап Кыргызстан 2021” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-апрелде “Асанбай борборунда” Кыргызпатент “Стартап Кыргызстан 2021” сынагынын фианалын өткөрдү.

Сынакка стартап жана бизнес жаатындагы улуттук жана эл аралык көз карандысыз, алдыңкы квалификациялуу эксперттер калыстык кылышты.

Тартип боюнча финалдык баскычка өткөн 11 стартапчынын ар бирине өз долбоорлорун презентациялоого 3 мүнөттүк чек коюлду. Ал убакыттын ичинде ар бир команда долбоордун жаңычылдыгын, концепциясын, көйгөйлөрүн жана анын чечүү жолдору тууралуу баяндап өттү. Калыстар тобу кошумча толуктоочу суроолорду узатышып, ар бир стартап долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтуу менен профессионалдык баасын беришти.

Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү 8 стартап-долбоор 500 миң сомго чейинки грантка ээ болду:

  • Эрик Абдыкалыков, “Ilgeri” долбоору - улуттук баалуулуктарды, маданиятты, тарыхты, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес мурастарын чагылдырган 3 тилдүү мультимедиалык долбоор.
  • Аскар Суюналиев, “Checkin” долбоору – медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин жеңилдетүүгө багытталган медициналык маалыматтык система;
  • Алия Асанбекова, проект “Izde.space” - это маркетплейс по поиску мест отдыха в Кыргызстане. Удобная платформа с полной и детальной информацией мест отдыха.
  • Адилет Маратов, “Lawsales” долбоору – жарандардын байланыш борборлорунан алгачкы акысыз кеңеш алуу менен керектүү юридикалык жардамды табууну жеңилдеткен эл аралык IT-продукт.
  • Максат Конушалиев, “Altay 360 Studio” долбоору - 360 форматында VR-контентти өндүрүүчү студия. Вертуалдуу реалдуулук аркылуу патенциалдык кардарлардын эс алуусуна шарт түзүүчү уникалдуу продукт.
  • Айдана Aматова, Талгат Молдалиев, “Chung Choong” долбоору – автордук ыкма менен кытай тилин окутуу жана Кытайда билим алууну шарттаган платформа.
  • Адилет Бегалиев, Медер Кутбидин уулу, “Sigma Aero” долбоору – авиакомпаниялар үчүн коопсуз учуу деңгээлин жогорулатуучу платформа.
  • Улукбек Мамбеталиев, “Как алма” долбоору - «Как алма» кургатылган кырсылдак алма чипсилери көп калориялуу картошка чипсилерин алмаштырат.

Маалымат иретинде:

Кыргызпатент тарабынан “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы ушул жылы экинчи ирет өткөрүлүп жатат. 2020-жылы сынактын 4 жеңүүчүсү өз долбоорун ишке ашырууга 500 000 сомго чейинки грант алышкан.

“Стартап Кыргызстан 2021” республикалык сынагы 2020-жылдын август айында жарыяланган. 2021-жылдын 1-февралында өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктап, жалпы региондордон жалпысынын 276 өтүнмө келип түшкөн. Тандап алуудан кийин катышуучуларды окутууга максатталган акселерациялык программа жүргүзүлүп, 14-апрелде жыйынтыкталган. 19-апрелде өткөрүлгөн пре-финалдын жыйынтыгында сынактын финалынын катышуучулары аныкталды.Финалда 11 стартапчы ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий